• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

27-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Эртең, 27-декабрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, автожолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...-7;

Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2;

Баткен облусунда түнкүсүн түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 .

Эртең, Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн -4...-6, күндүз -3...-5 градус суук болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий