• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

27-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-январдан 27-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

23-27-январларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 24-январда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн.

24-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

24-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-январларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-январларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында

күтүлгөн аба ырайы

23-январда жана 24-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-январда күндүз жана 25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-январларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-январда жана 24-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

24-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-27-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий