• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

27-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 27-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3...+8, Ысык-Көл облусунда 1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Талас облусунда +2...+7, Нарын облусунда -2...-7 градус суук болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6...+ 8 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий