• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-июлда АКШнын окуу жайларына тапшыруу ыкмалары боюнча онлайн-лекция өтөт

Билим 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. 27-июлда АКШнын окуу жайларына тапшыруу ыкмалары боюнча онлайн-лекция өтөт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, АКШнын университеттеринде жана колледждеринде окууну каалап, маалымат издеп жаткан жарандар үчүн 2021-жылдын 27-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 19.00дө (9.00 AM EDT), Пенсильвания штатынын университетинин профессору Темирлан Молдогазиев жана Global Compass - Study Abroad компаниясынын консультанты Жылдыз Саттарова АКШнын билим берүү мекемелерине кабыл алуу, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана ыкмалары жөнүндө онлайн-лекция өткөрүшөт.

“Эгерде сиз жогорудагы лекцияга катышууну кааласаңыз, анда иш-чарага шилтеме алуу үчүн asel.yusupova2010@gmail.com электрондук дарегине сурам жөнөтүңүз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий