• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-июлга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 23-июлда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-июлда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

26-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми 27-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда күндүз жана 25-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-июль күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

23-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда күндүз жана 25-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

26-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

26-июлда күндүз жана 27-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда күндүз жана 25-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

23-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда күндүз жана 25-июлда көпчүлүк аймактарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

26-июлда жана 27-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

27-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда күндүз жана 25-26-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-июль күндөрү Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

23-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда күндүз жана 25-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-июлда күндүз, 26-июлда жана 27-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

27-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-июлда күндүз жана 25-26-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий