• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

27-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Биишкек, 26.07.21. /Кабар/. 27-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жамгыр жаабайт, ал эми күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккре шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33…38 градус, Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…24 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39 градуска чейин ысыйт.

Борбор калаабыз Бишкекте болсо абанын табы түнкүсүн 22…24, күндүз 36…38 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий