• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

27-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. 27-июла Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү тоолуу райондорунда гана күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36,

Нарын облусунда түнкүсүн 9...16, күндүз 22...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...16, күндүз 22...29,

Эртең Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий