• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

№27 колониянын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. №27 колониянын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин №27 колониянын 4 кызматкери коронавирус жуктурганы айтылган.

“№27 колониянын кызматкерлеринен коронавирус аныкталган соң, биз бардык байланышта болгон адамдарды текшерүүдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгында дагы 3 кызматкерден коронавирус аныкталды. Учурда илдетке кабылгандардын бардыгы көзөмөлгө алынып, дарылоодон өтүүдө”, - деп билдирди башкы санитардык дарыгер.

Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1270ти түзөт. Алардын ичинен 910 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий