• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-май - Орозонун биринчи күнү

Коом 0

Бишкек, 27-май /Кабар/. 2017-жылдын 27-майы Орозонун биринчи күнү катары белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстандын Муфтияты билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 26-майдан 27-майга караган түнү Бишкек убактысы боюнча 03:16да ооз бекитилет.

"Асмандын бүркөө болгондугуна байланыштуу ай көрүнбөдү. Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30на толуктап, 27-май, ишемби күнү улуу Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялайбыз. Тактап айтканда 26-майдан 27-майга караган түнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 03:16да ооз бекилип, орозо кармалат. Ал эми тарабих намазы 26-майдан тарта бардык мечиттерде окула баштамакчы. Калган аймактар орозо календары боюнча ооз бекитишет", - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий