• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

27-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Эртең, 27-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33;

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33;

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27.

Эртең Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 31...33 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий