• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамкурулуш: Кыргызстанда 4 мектептин курулушу бүткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланган “27 мамлекеттик мектепти куруу” долбоорун ишке ашыруу план боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептер өлкөнүн бардык аймактарында курулуп, 15 миңден ашык окуучулук орун менен камсыздоого шарт түзөт. Тактап айтканда, Бишкек шаарында – 3 мектеп, Ош шаарында -1, Ош облусу боюнча - 5, Чүй — 4, Ысык-Көл - 3, Жалал-Абад -3, Нарын- 3, Баткен – 3 жана Талас облусунда - 2 мектеп курулуп жатат.

Бекитилген план боюнча, бардык 27 билим берүү объектилери жылдын аягына чейин курулуп бүткѳрүлѳт. Ал эми азыркы учурда 4 мектептин курулушу бүткөрүлгѳн. Бул Нарын облусунун Бугучу айылындагы 150 орундуу мектеп, Ош облусунун Маданият жана Чек-Абад айылдарындагы 150 орундан эсептелген 2 мектеп, жана Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылындагы 1 мектептин курулушу.

Бул объекттердин тендер боюнча жалпы сметалык наркы 25 млн 747 миң 542 АКШ долларын түзөт. Анын ичинен бүгүнкү күндө фонд тарабынан 13 млн 640 миң АКШ доллары каржыланган, ал эми подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштин көлөмүнѳ ылайык, 15 млн 600 миң доллар өздөштүрүлгөн.

Координациялык топтун башкы инженери Токон Сатышев баса белгилегендей, долбоорду ишке ашырууда, обьектилердин куруулушунун сапатына жана баарынан мурда пайдаланылып жаткан курулуш материалдар, буюмдар жана конструкциялардын сапатына жогору көңүл бурулат. Күн сайын объекттерде техникалык көзөмөлдөө бар, алар бардык курулуш материалдарынын кириш сертификациялык контролун жүргүзүшөт жана сапаты күбөлөндүргөн паспорттору бар болгондон кийин гана курулуш-монтаждоо иштерине колдонулат.

"Ошондой эле ѳз убагында зарыл техникалык документтер жасалып, бетон, металл жана кирпичтер боюнча бардык иштер лабораториялык сыноолордон милдеттүү түрдө өтөт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий