• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун 14 жаңы учуру аныкталды. Алар Ош, Жалал-Абад облустарында катталган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Учурда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 58ге жетти. Белгилей кетсек, бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги мурда реанимацияда жаткан 6 бейтаптын бешөөсү палатага которулганын билдирди.

Республикалык штабдын 27-март саат 20:00гө карата маалыматы:

- Чет жерде 5 кыргызстандыктан коронавирус аныкталган. Алардын абалы – жакшы.

- Бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүүдө – көчөлөр, коомдук жайлар, уюмдар жана ишканалар.

- 65 жаштан уулу медициналык кызматкерлер, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар кызматкерлер коронавирустун жугушун алдын алуу максатында айлык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды.

- COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсеби толукталууда, бүгүн күндө эсепте 48,3 млн сомдон ашык акча чогулду.

- УКМКнын эскертүүсүнө карабастан, жалган маалымат тараткандар болууда. Тиешелүү органдар аларды аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, бул иштерге юридикалык баа берилүүдө.

- Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого чакырат, мыйзам бузгандар тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартылат.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген жерлерде 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий