• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

27-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-марттан 27-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

23-27-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жанан 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда жаашы күтүлөт.

26-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачаын катуу жаашы күтүлөт.

27-мартта Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

24-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз, 25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-мартта күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

26-27-марттарда көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачаын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

23-25-марттарда жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-27-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-мартта күндүз жана 25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-мартта күндүз жана 24-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий