• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. 26-27-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, 27-28-ноябрларда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15 градус суук болушу күтүлөт.

Абанын температурасы 27-ноябрда Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7; градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 0...-5, күндүз 5…10 градус.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы ыктымал, ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий