• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Эртең, 27-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын менен Ысык-Көлдөн башка дубандарга туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7,

Эртең Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 3…5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий