• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

27-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +11…+16, Ысык-Көл облусунда +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Нарын облусунда +9…+14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +16…+18 градуска чейиш жетиши күтүлөт.


Пикир

Оставить комментарий