• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

27-сентябрда Оштун айрым аймактарында убактылуу жарык өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Эртең, 27-сентябрда Ош шаарынын айрым аймактарында 09:00дөн 17:00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде убактылуу электр энергия берүү токтотулат.

Саат 9:00дөн 14:00гө чейин: №4 “Ак-Тилек” аймактык кеңешине караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасынын №1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,19, 21, 23, 25, 26, 28, 34, №5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешине караштуу МЖК-2, Кукумбий №74, 92,96, 98, 100 үйлөрүндө, Учар айылында, Мамыров көчөсүндө.

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын №6 Манас-Ата аймактык кеңешине караштуу “Авиагородок” кичи шаарчасында электр энергиясы өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий