• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

27-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-27-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-сентябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, метрден 23-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрда түнкүсүн Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, Чолпон-Ата шаарында жаан жаашы мүмкүн.

23-сентябрда күндүз, 24-26-сентябрларда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 27-сентябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-26-сентябрларда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 23-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий