• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

27-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Эртең, 27-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, градус, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градуска жетет.

Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 27-сентябрда борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий