• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

270 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. 270 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.

Алар ордо калаанын, Талас, Нарын облустарынын саламаттык сактоо уюмдарында COVID-19 илдети менен күрөшүп иштеген медицина кызматкерлери.

“Илдеттин очогунда иштеген саламаттык сактоо тармагынын бардык адистерине Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашуун кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы. Ысык-Көлдүн таза абасы, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлерибизге пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, - дейт саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев.

Жолдомого ээ болгон саламаттык сактоо тармагынын адистери “Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышмакчы. Бул саамалык илдеттин очогунда эмгектенген медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү максатында өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий