• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

276 стартап жарым млн сомго ат салышууда - Кыргызпатент

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. 276 стартап жарым млн сомго ат салышууда. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-февралда экинчи республикалык "Startup Kyrgyzstan-2021" сынагына арыздарды кабыл алуу аяктап, анда бизнес-идеяны ишке ашыруу үчүн жеңүүчүлөргө 500 миң сомго чейин грант берилет.

Жалпысынан сынакка катышуу үчүн 276 арыз келип түшкөн, анын ичинен: Бишкек - ​​89, Чүй облусу - 50, Ош облусу - 48, Ысык-Көл облусу - 28, Нарын облусу - 21, Баткен облусу - 17, Жалал-Абад аймак - 14, Талас облусу - 9.

Гендердик теңчилик боюнча, кайрылуулардын санынын катышы төмөнкүчө: эркектер - 164, аялдар - 112. Иш чөйрөсү боюнча, көпчүлүк өтүнмөлөр өндүрүш тармагына таандык - 105; кызмат көрсөтүүлөр - 66; айыл чарбасы - 49; IT чөйрөсү - 30; сатуу - 18; медицина - 8 өтүнмө.

“Баарына белгилүү болгондой, инновация жана стартаптар азыр бүткүл дүйнө жүзүндө актуалдуу. Кыргызпатент заман талабын эске алып бул мелдешти экинчи жыл өткөрүп жатабыз. Биринчи сынактын катышуучуларынын жана жалпы эле коомчулуктун көптөгөн оң пикирлери бизди таң калтырды. Биздин сынактын максаты - Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүү жана жайылтуу. Өткөн жылы сынактын жыйынтыгы менен 4 стартапка каржылык колдоо көрсөтүп, долбоорлорду иштеп чыгууга ар бирине 500 000 сомдон бөлүп бердик. (Долбоорлор менен социалдык тармактардагы жана мекеменин веб-сайтындагы маалыматтар аркылуу таанышсаңыз болот).

Азыркы учурда мекеменин алдында түзүлгөн катчылык ар бир арызды көзкарандысыз, эксперттик комиссиясына тандоо ишин жүргүзүү үчүн даярдап жатат. Андан кийин, тандалып алынган стартаптар акселерациялык программаны өтүп, сынактын финалына даярдануу иштерин жүргүзөт. «Белгилей кетүүчү нерсе, биз үчүн гранттарды берүү негизги максат эмес, биз үчүн ар бир стартапка өз алдынча өнүгүп, эл аралык бийиктикке чыгышы үчүн керектүү билимди берүү маанилүү. Келечек үчүн эң негизгиси стартаптардын окутуу учурунда алган билими экендигин түшүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Бул максатта Кыргызпатент бир нече окуутуу долбоорлорун баштайт, алардын бири - университеттердин базасында бизнес-инкубатор жана стартап акселераторун киргизүү. Кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий