• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

27нен 31-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. 27нен 30-июлга чейин Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-июлда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 31-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

1-2-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий