• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

1-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-31-мартта жана 1-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 28-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

1-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустырынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий