• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Эртең, 28-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градус, Талас облусунда болсо түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус ысык болушу күтүлөт.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий