• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

28-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-декабрдан 28-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-25-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-декабрда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

25-декабрда күндүз жана 26-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-декабрда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден. 27-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-26-декабрларда жана 27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз жана 28-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

28-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

25-декабрда күндүз жана 26-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-декабрда күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

27-декабрда күндүз жана 28-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт

28-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 27-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-26-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 27-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-26-декабрларда Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз жана 28-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-25-декабрларда жана 26-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-декабрда күндүз жана 27-28-декабрларда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий