• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

28-декабрга карата аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. 28-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;

Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-7;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Баткен облусунда түнкүсүн түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-15, күндүз -5...-10 градуска чейин жогорулайт.

28-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы -3…-5° суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий