• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. 28-29-декабрь күндөрү Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, 28-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эртең, 28-декабрда, абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...1 гардус, Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз 3...8 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5 градус болот.

Эртең, 28-декабрда, борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 2…4 градус жогору болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий