• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

28-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Эртең, 28-февралда Кыргызстандын аймагында көпчүлүк аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Эртең күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Эртең, 28-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 8...10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий