• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

28-июлда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-июлда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат таратты.

Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күнкүркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий