• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

28-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Эртең, 28-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...14, күндүз 22...27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...14, күндүз 22...27,

Эртең Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий