• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.06.28. /Кабар/. Эртең, 28-июнда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29...34,

Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Ош менен Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,

Нарын облусунда 6...12, күндүз 21...27,

Ысык-Көл облусунда 6...12, күндүз 21...27.

Эртең Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий