• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Эртең, 28-майда өлкө аймагында негизинен күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14 градус, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий