• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

28-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Республикалык штабдын 28-март саат 20:00гө карата маалыматы:

- Өлкө боюнча илдетке кабылган адамдардын жалпы саны – 58. Алардын ичинен 2 бейтап реанимацияда жатат, абалы – орточо оор, туруктуу.

- Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну коронавирустан эмес (коронавирус аныкталган эмес), пневмониядан каза болгонун билдирди. Бул тууралуу социалдык тармактарда туура эмес маалымат таратылган.

- Жалал-Абад шаарынын коменданты аларга кайрылган адамдардын 90%ы өткөрмө кагазын алуу үчүн кайрылып жатканын билдирди. Ал уруксат кагазын берүү чектелген. Биринчи кезекте медиктерге, аларды ташыган унааларга жана милиция кызматкерлерине берилет.

- Бишкекте 120 пост орнотулду: алардын 79у санитардык-карантиндик пост болсо, 41и шаардын периметри боюнча коюлган.

- Күн сайын жана бардык жерде дезинфекция иш-чаралары жүргүзүлүп жатат - көчөлөр, коомдук жайлар, уюмдар жана ишканалар.

- COVID-19 боюнча Финансы министрлигинин эсебине каражаттар келип жатат. Алардын сарпталышын көзөмөлдөө үчүн комиссия түзүлдү. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү киришти.

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кытай өкмөтүнө гуманитардык жардам жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

- Саат 20:00дө коменданттык саат башталды! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка тиешелүү кызматтар 24/7 режиминде иштөөнү улантууда.

- Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого чакырышат. Мыйзам бузгандар тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий