Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. Эртең, 28-мартта өлкө аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,
Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 13…15 градуска чейин жогорулайт.
Пикир
Оставить комментарий