• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

28-ноябрдан 2-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-ноябрдан 2-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, эртең, 28-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 28-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

29-ноябрда жана 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондорунда жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-ноябрда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо кар катуу жаашы күтүлөт.

2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-декабрда айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий