• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

28-ноябрга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-ноябрдан 28-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

22-28-ноябрда Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда жана 23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
26-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
27-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-23-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
24-ноябрда жана 25-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
25-ноябрда күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.
26-ноябрда ала булут каптап турат, жаан, кар жаашы мүмкүн.
27-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда жаан, кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз жана 24-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда жана 23-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз жана 24-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-27-ноябрларда жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
23-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
23-ноябрда күндүз жана 24-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-ноябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. 23-ноябрда күндүз жана 23-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-28-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда күндүз, 25-ноябрда жана 26-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
26-ноябрда күндүз жана 27-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

22-23-ноябрларда жана 24-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
25-ноябрда күндүз кар жаашы күтүлөт.
26-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
26-ноябрда күндүз жана 27-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
27-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

22-23-ноябрларда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
24-25-ноябрларда жана 26-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
26-ноябрда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-28-ноябрда Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрда жана 23-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз жана 24-27-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
28-ноябрда кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий