• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2...+7, Талас облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынжа +10...+15, Ысык-Көл облусунда +4...+9 жана Нарын облусунда -2...+3 градус, ал эми Бишкек шаарында +3...+5, Ош шаарында +12...+14 болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий