• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

28-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-октябрдан 28-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

25-27-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-октябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, жаан карга айланышы мүмкүн.

24-октябрда күндүз, 25-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

25-26-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-28-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтулөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий