• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

28-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат.

Ага ылайык, бүгүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусуну кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +11...+16, Талас облусунда +9...+14, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында +10...+15, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19 градус болору күтүлүүдө.

Бишкекшаарында абанын температурасы +14...+16, градуска жетет.


Пикир

Оставить комментарий