• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

28-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунда 22…27 градус жылуу болот. Ал эми Талас облусунда күндүз 20…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 20…25 градус жылуу болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 25…30 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 26…28 градус ысык болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий