• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Эртең, 28-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкөнүн башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ал эми күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20 градус болот. Талас, Нарын, Ысык-Көл аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 14... 19 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25 градус болот.

Эртең, 28-сентябрда борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий