• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

28 шаардык кеңешке шайлоодо 146 партиянын талапкерлери 7%дык чектен өттү – БШК

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкандардын саны 1 млн 295 миң 943 жаранды түздү. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого 386 миң 365 жаран катышты, бул 36,82%ды түзөт (1 млн 49 миң 441 шайлоочу), ал эми айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоого 909 миң 578 жаран добуш беришкен, бул 40,09%ды түзөт (2 млн 268 миң 689 шайлоочунн ичинен).

“Өлкө боюнча 2273 шайлоо тилкеси ачылган, шаардык кеңештерге – 598 тилке, айылдык кеңештерге – 1675 тилке ачылган. 28 шаардык кеңеште 796 мандат бар. Шаардык кеңештерге шайлоого 236 саясий партия катышты, анын ичинен 146 146 партиянын талапкерлери 7%дык чектен ашты”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий