• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

29,2 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алат

Коом 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. 2020-жылдын 1-ноябрына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 31,7 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 29,2 миң адамды, расымдык жөлөкпул алуучулар – 2,5 миң адамды түзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 10,1 миң сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү – 3,5 миң сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 304,6 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 295,7 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 8,9 млн сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий