• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

29-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-29-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз жана 26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-апрелде күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-апрелде жана 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарында жаан жаашы, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде кечинде жана 26-апрелде түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-апрелде 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-апрелде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-апрелде 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз жана 26-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-апрелде күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-апрелде жана 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-апрелдерде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-28-апрелдерде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 26-апрелде жана 29-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-апрелдерде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий