• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

29-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрелде, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Таласта +23…+28, Ысык-Көлдө +17…+19, Нарында +20…+22 градус болот.

Ош облусунда +26…+31, Жалал-Абадда +23…+28, Баткен облусунда +26…+28 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз +27…+29 градуска чейин жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий