• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

29-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-декабрдан 29-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

26-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-26-декабрларда жана 27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт.

28-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

26-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, 28-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-26-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-декабрларда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-26-декабрларда жана 27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз жана 28-декабрда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-декабрда күндүз жана 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-26-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

27-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий