• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

29-январдан 2-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. 29-30-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

31-январда жана 1-2-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

29-январда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…3, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…1 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-12 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус.

Эртең, 29-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 0...2 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий