• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

29-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.07.18. /Кабар/. Эртең, 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31,

Ош, Жалал-Абад облустарында 14...19, күндүз 30...35,

Баткен облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий