• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

29-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

Коом 0

Бишкек, 29.03.20. Бүгүн, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 84кө жетти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Республикалык штабдын 29-март саат 20:00гө карата маалыматы:

- Коронавирус жуктурган адамдардын ичинен 3 бейтап реанимацияда жатат. Абалдары – оор. Алардын экөө Ноокат району, бирөөсү Сузак районундагы ооруканада жатат.

- Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 4 миң 886 жаран обсервацияда жатат, үй карантининде – 3 миң 338 адам.

- Бир сутка ичинде медицина кызматкерлери эпидемиологиялык очокторго 2 миң 140 жолу барып келишти.

- Түштүк аймагына дарыгерлердин мобилдүү тобу жөнөтүлүп жатат – реаниматологдор, пульмонологдор жана эпидемиологдор. Алардын жалпы саны: 14-15 дарыгер.

- Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер 227 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1 кап ундан жана 25 кг күрүч таратышты.

- Чет өлкөдөгү Ош облусунун Ноокат районунан болгон мекендештерибиз акча каражаттарын чогултуу үчүн эсеп ачышкан. Алар чогултулган акча каражатка биринчи обсервацияда болгондордун шартын жакшыртуу үчүн керебеттерди, жууркан-төшөк жана шейшептерди сатып беришти.

- Баткен облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жалпы 183 тонна ун, 1 миң 13 кг макарон, 8 миң 589 литр өсүмдүк майы, 775 кг күрүч, 874 кг кумшекер берилди.

- Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды, 12 миң 607 га жер айдоо болуп 2 миң 70 га жаздык буудай, 3 миң 880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди.

- Бишкек шаарынын коменданты, өзгөчө абал учурундагы өткөрмө уруксат кагаздары 1-2 күндүн ичинде электрондук түрдө бериле баштай тургандыгын билдирди.

- Күнү-түнү милиция кызматкерлери, күч органдары сиздердин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштеп жатышат.

- Саат 20:00дө коменданттык саат башталды! Медиктер, энергетиктер, ӨКМ, ИИМ жана башка маанилүү кызматтар силер үчүн 24/7 режиминде иштөөнү улантууда.

- Коменданттар жарандарды коменданттык саатты бузбоого чакырат. Мыйзам бузгандар тиешелүү түрдө жоопкерчиликке тартылат.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий