• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

29-мартка чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Эртең, 23-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын аймагында 29-мартка чейин жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-мартка чейин Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

23-мартта күндүз жана 24-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-март күндөрү Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-март аралыгында Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-28-марттарда жана 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-март күндөрү Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-март күндөрү Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-28-марттарда жана 29-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-мартта айрым жерлерде түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

23-мартта Каракол шаарында түнкүсүн жаан, кар, күндүз жаан жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

24-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы кутүлөт. 23-мартта күндүз жана 24-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

23-29-март күндөрү Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

23-мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

23-мартта күндүз жана 24-29-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий